Кыргызстандын жолдорунун абалы дүйнөдөгү эң жаман жолдордун катарына кирди

2314

Глобал Компетитивнис Индекс дүйнөдөгү жолдордун сапатын аныктаган рейтингин жарыялады. Анда изилдөөчүлөр биздин өлкөдөгү көчөлөрдүн абалын көргөндөн кийин 7 баллдык эсептен 2,7 балл менен баалаган.

Башкача айтканда, Кыргызстандын жолдору дүйнөдөгү начарлардын катарына кирип, 122-орунду ээледи. Рейтингде биздин мамлекет Ливан менен Коста-Рика өлкөлөрүнүн ортосунда турат.

Адистер жалпысынан 137 мамлекеттеги абалды изилдеп чыгышкан. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстандын жолдору мыкты деп табылып, жалпы эсепте 70-орунга чыккан.