Кыргызстанга 2 тик учак, 9 сооттолгон аскер машинасы келди (видео)

738

Россия Кыргызстанга 2 тик учак жана 9 сооттолгон аскер машинасын берди. Аскер техникаларын тапшыруу аземи Канттагы Россиянын авиабазасында болуп өттү. Иш-чарага Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Кыргызстандын башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев катышты.

Адистердин айтымында, бул аскердик техникалар тоолуу жана калк жыш жашаган аймактын шарттарында, транспорттук жана издөө-куткаруу иштерин аткарууда мүмкүнчүлүктү кеңейтет. Келген техникалар эми куралдуу күчтөрүнүн бардык аскердик бөлүктөрүнө берилет.