Кыргызстанга 354 оор жүк ташуучу унаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталды

759

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматтарга караганда, транспорт каражаттары бажы бекетинен өтүп жатканда аларга тиешелүү товардык номенклатура ыйгарылып, анын бажы наркынын 10 пайызы төлөнмөк.

Бирок автоунааларды декларациялоо учурунда аларга трактордун коду берилип калган. Бул учурда эч кандай бажы төлөмү каралган эмес. Мындай жол менен Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук бажы бөлүмүнүн кызматкерлери билип туруп 354 даана автоунааны трактор катары катташканы аныкталды. Натыйжада мамлекетке 30 миллион сомдой бажы төлөмү түшпөй калган.

Бул фактылар 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 10-ноябрына чейин болгон. Башкы прокуратура бул фактынын негизинде «коррупция» беренеси боюнча иш козгоп, ал УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.