Кыргызстанга бензиндин ордуна бензанол ташыгандар кармалды (видео)

878

Бензиндин ордуна бензанол. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз мунай ташыгандардын тобун кармады. Алар Кыргызстанды аймагына бензиндин ордуна салык төлөнбөй, акцизи жок кирүүчү бензанолду ташып келип, май куючу жайда алдоо жолу менен сатыкка коюп жүрүшкөн.

Финполиция мыйзамсыз мунай затты ташуу схемасын аныктаган. 30 тонна чийки зат алгач Талас шаарынан Бишкекке ташылып келинген. Андан кийин ал Сокулуктагы май куючу жайына куюлган. Учурда мунун кесепетинен мамлекетке канча зыян келтирилгени эсептелинүүдө.