Кыргызстанга быйыл кайсы өлкөлөрдөн туристтер келет? (видео)

1690

Быйыл жайкы эс алуу сезонунда Ысык-Көл аймагына көбүнесе Россия, Казакстан жана Өзбекстандан туристтердин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле, аталган аймакта эс алуучулардын көпчүлүгүн Кыргызстандын булуң бурчунан келгендер түзөрү болжолдонуп жатат.

Өткөн ишемби Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында 21-эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтүп, анын алкагында быйылкы туристтик сезонго старт берилди. Саамалык туристтик компаниялардын көргөзмөсү жана жөө күлүкчүлөрдүн жарышы менен коштолуп, жети дубандын өнөрпоздорунун ыр бийлери менен коштолду.