Кыргызстанга келген насыя-гранттар кандай сарпталган? (видео)

642

Тыштан алынган насыялар менен гранттар ысырап колдонулууда. Бул тууралуу жарандык активисттер, депутаттар айтып чыгышты. Алсак, жаңы ишке кирген кодекстерди жазууга 13,6 миллион евро бөлүнүп, анын 90 пайызы консультанттардын маянасына, тегерек-стол, кофе-брейктерге сарпталганы маалым болду. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 миллион доллар насыянын коротулушу боюнча да көп фактылар чыгууда.

Эми болсо, активисттер экологияны жакшыртууга алына турган каражаттар чар-жайыт пайдаланышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Анткени документте бир эле эксперттин жылдык маянасы 42 миң евро деп көрсөтүлгөн. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тыштан келген насыя-гранттар кандай сарпталган?