Кыргызстанга коронавирусту бат аныктоочу аппарат алынат (видео)

1359

Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу аппарат алып келинет. Бул тууралуу жаңы типтеги жугуштуу вирустун алдын алуу үчүн түзүлгөн республикалык штабдын жыйынында айтылды. Коронавирусту бир нече саат ичинде аныктоочу реагенттер Россиядан жана Кытайдан алынып келет экен.

Ошондой эле, жыйында Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар катталбаганы белгиленди. Ал арада Кытайдын Ухань шаарынан алынып келген 18 кыргызстандык Бишкектин четиндеги ооруканада кармалууда. Аларды инфекционисттер карап чыгып, бардык анализдерин алышууда.