Кыргызстанга Кытайдан учуп келгендер текшериле баштады (видео)

2510

«Манас» эл аралык аба майданында Кытайдын Үрүмчү шаарынан учуп келгендер текшериле баштады. Буга кошуна өлкөдө чыккан вирустун өтө ылдамдык менен тарап жатышы себеп болууда. Учурда аэропортто Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери иштеп жатышат.

Ошондой эле, Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөттү. Ал арада 9 адамдын өмүрүн алган коронавирус Кытайдын чегинен тыш жайылып, АКШга чейин жеткени белгилүү болду.