Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен Владимир Путин келет (видео)

845

Март айынын соңунда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Сапардын алкагында коопсуздук, экономика, соода-сатык, билим берүү жана маданият жаатындагы 15ке жакын келишимдерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Владимир Путиндин мамлекеттик визити Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулууда. Сапардын алкагында, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму жана бизнес форумун өткөрүү да пландалып жатат. Стратегиялык өнөктөш болгон мамлекеттин президентинин келиши менен эмне күтүлүүдө?