Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди

1581

Өлкөгө сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, сатып алынган вакцина Россияда өндүрүлгөн.

Кечээ күнү сасык тумоого каршы 119 миң 600 вакцина келди. Азыр алар аймактар боюнча бөлүштүрүлүп жатат. Жакын арада тобокел тобуна кирген адамдар — 63 жаштан улуу адамдар, 5 жашка чейинки балдар, өнөкөт оорулары бар кишилер, калктын аярлуу катмарындагы адамдар эмдөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле 700 миң вакцина алууга тендер жарыяланган, — деди ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.