Кыргызстанга сөөктү жеткирүүгө өкмөт жардам берет (видео)

1259

Чет мамлекетте жүрүп каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө өкмөт жардам берет. 1-июндан тарта күчүнө кире турган документ менен Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү тааныштырышты. Ага ылайык, чет өлкөлөрдө каза тапкан мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн берилүүчү кенемте акчаны алуу тартиби жеңилдеп, бир жолу берилүүчү компенсациянын көлөмү 50 миң сомду түзгөн. Буга чейинки нормага ылайык, тыштан сөөктү алып келүү үчүн мамлекеттен кенемте алууга милдеттүү түрдө ар түрдүү 14 документ чогултуу зарыл болчу. Анда дагы арыз 1 айдын ичинде каралчу. Мындан тышкары, берилүүчү каражаттын суммасы мурда 22 миң сомдон 35 миң сомго чейин деп бекитилген эле.