КМШ боюнча Кыргызстандан чыккан алгачкы UFC чемпиону

749

57 килограмм салмактагы Валентина Шевченко польшалык Йоанна Енжейчик менен күч сынашып, жеңишке жетип күйөрмандарынын алкышына арзыды. Таймаш бүтөрү менен президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону телефон аркылуу куттуктап, кийинки мелдештерде дагы ийгиликтерди каалап, мекенине келип кетүүгө чакырган.

Кыргызстандык мушкер өзү дагы мамлекет башчыга жана күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирген. Канаданын Торонто шаарында Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн Йоанна Енжейчик менен беттешти. 5 раунддук таймаштын ар бир бөлүгүндө спортчу чеберчилигин көрсөтүп, натыйжада калыстардын бирдей чечими менен жеңүүчү деп таанылды.