«Кырк Чоро» Бишкек мэринин отставкасын талап кылат (видео)

506

Бишкек шаарында 8-мартта болгон жүрүшкө уруксат берилгени үчүн мэр Азиз Суракматовдун отставкасы талап кылынды. «Кырк чоро» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү мэриянын жанында митинг уюштурушту. Чогулгандар 8-мартта аялдарды даңазалаган иш-чарада сексуалдык азчылыктардын ар кандай жазуулар менен чыгышына калаа бийлиги шарт түзүп берди деп айыпташты.

Шаар башчысы Азиз Суракматов болсо, акцияга уруксат мыйзамсыз берилгени далилденсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин аппарат жетекчисинен айттырып жиберген. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылдан бери унутта калган мыйзам-долбоорун кайрадан алып чыгууга камданууда. Документке ылайык, салттуу эмес сексуалдык мамилелерди жарнамалоого тыюу салынат.