Кырсыкка кабылган учак боюнча окуяны комиссия иликтей баштады

678

Ош шаарынын аба майданында уча электе эле кырсыкка кабылган учакка байланыштуу окуяны атайын комиссия иликтей баштады. Учурда жеринде Жарандык авиация агенттигинин адистери иштеп жатышат.

Кечээ саат 09:00дө Ош-Москва каттамы боюнча учканы жаткан «Авиатраффик» авиакомпаниясына таандык Боинг-737 самолету учуу тилкесинде бара жатып, дөңгөлөгү жарылып кеткен. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон эмес.

Авиакомпаниянын жетекчилиги, учурда кырсыктын себептерин иликтеп жатат. Азырынча учактын дөңгөлөгүнүн жели чыкканбы же буга башка себеп болгонбу — тактала эле. Бирок компаниядан билдиришкендей, аба кемеси 3 ай мурда эле техникалык кароодон өтүптүр.

Ал эми бул окуядан кийин мейманканада жайгаштырылып, ал жерде 9 саат күтүүгө аргасыз болгон 147 жүргүнчү саат 18:00дөр чамасында башка самолет менен Москвага учкан.