Кырсыкка учурап кала жаздаган учак (видео)

826

Бишкек-Баткен каттамы менен бара жаткан учактын авариялык конгону боюнча комиссия иш алып барууда. Жарандык авиация агенттигинде түзүлгөн жумуш тобу окуянын себептерин аныктап чыгат. Кечээ күнү 96 жүргүнчү менен абага көтөрүлгөн самолет Баткенге жетпей, Чычкан капчыгайынын үстүнөн кайра артка кайтууга аргасыз болгон. Лайнердин сол кыймылдаткычы иштебей калган. Бактыга жараша, учактын ичиндегилер жабыр тарткан жок. Жүргүнчүлөрдүн 30у башка каттам менен кайра учуудан баш тартышкан. Калгандары Бишкек-Ош багыты менен сапар алып, Баткенге автобус менен жеткирилген.