Кырсыкстанга айланган өлкө! (видео)

733

Бүгүн түшкө чейин эле Бишкек-Ош жолунда 2 жол кырсыгы катталып, 6 адам каза тапты. Эки авария тең Токтогул районунда болгон. Расмий маалыматтар боюнча, акыркы он айдын ичинде өлкө боюнча беш миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 8 пайызга өскөн. Жол кырсыктарынын көбөйүп жатышы бүгүн Жогорку Кеңеште да талкууланды. Депутаттар өкмөт аварияларды азайтуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатканын айтышты. «Коопсуз шаар» долбоорунан да кабар жок, дешет эл өкүлдөрү. Андыктан парламентке ички иштер министрин чакырып, өкмөттүк саат өткөрүү керектиги айтылды.