Кыш узакка созулса, тоют жетпей, жут болушу мүмкүн (видео)

3190

Кыш узакка созулуп, жазында күн сууктаса өлкөдө тоют жетпей жут капташы мүмкүн. Учурда мал баккандар жем-чөптүн аз болуп жатканына тынчсызданышууда. Былтыр кургакчылыктан улам көпчүлүк аймактарда тоют аз чогултулуп ага жараша анын баасы да өскөн.

Азыркы тапта Чүйдүн базарларында беденин бир таңгагы 400-450 сомдун тегерегинде болуп жатса, арпа жемдин килограммы 28 сомго чейин сатылууда. Ал эми силостун наркы — 10 миң сомго чейин жетиптир. Ал түгүл буга чейин көп бааланбаган чыктуу тоюттун тоннасы 3 миңден 8 миң сомго чыккан.