Кышында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурап турабы? (видео)

1140

Аба-ырайынын кескин суукташы менен өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясы кайрадан маал-маалы менен өчүрүлө баштады. Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушу жарыксыз калса, көп өтпөй мындай кырдаал Чүй областындагы Кант шаарынын бир бөлүгүндө да кайталанган. Бирок Улуттук энергохолдинг компаниясынын өкүлдөрү авариялык өчүрүүлөр болгондугун четке кагышууда.

Айтымдарында, электр жарыгы оңдоо иштерине байланыштуу пландуу түрдө өчүрүлүп жатыптыр. Ал арада мешине жагууга көмүрү жок, электр жарыгынын көзүн карап отурган айрым тургундар бул көрүнүш кычыраган кышта да кайталанбайбы деп чоочулашууда.