Кышында свет өчө баштайбы? (видео)

2630

Электр энергиясы үнөмдүү пайдаланылбаса алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгып кетүү бир топ кыйынга турушу ыктымал. Мындай кооптонуусу менен Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын өкүлдөрү бөлүшүүдө. Маалыматка ылайык, адистер энергетикадагы дефициттин көлөмүн азайтуу максатында 3 чара иштеп чыгышкан.

Алар товар алмашуу аркылуу кошуна өлкөлөрдөн электр кубатын импорттоо, Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугун көтөрүү жана ортомчу компанияларга берилген электр энергиясына чектөө киргизүү. Ошол эле учурда өлкөдө энергетика тармагын оптимизациялоо боюнча масштабдуу иштер жүрө баштаганы да маалым болду.