Кышында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөр жазаланыш керекпи? (видео)

2203

Кышында жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айдоочулар 1000 сом айыпка жыгылышы мүмкүн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан ушундай өңүттөгү мыйзам долбоору даярдалып жатат.

Жакын арада документ коомдук талкууга чыгарылат. Учурда жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн унаа ээлерине карата эч кандай чара көрүлбөйт. Эми бул мыйзам долбоору колдоо тапса, кийинки жылы ишке ашырылышы мүмкүн. Бирок айдоочулар бул демилгеге каршы чыгышууда.