Кытай АКШ менен түзүлгөн бардык соода келишимдеринен чыгышы мүмкүн

831

Эгер Вашингтон Кытай товарлары үчүн жаңы бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу Дональд Трамптын планын ишке ашырса, анда Пекин өлкөлөр ортосундагы бардык соода келишимдеринен чыгат.

Кытай бийлиги мындай билдирүүнү жекшембиде, АКШнын соода министри Уилбур Росс менен Кытайдын Жогорку Кеңешинин вице-премьери Лю Хэнин ортосундагы жыйынтыксыз сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыялаганын Reuters агенттиги жазды.

Ошол эле маалда Кытайдын тышкы иштер министри Хуа Чунинг өлкөнүн «диалог жана кеңешмелер эшиги» АКШ үчүн дайыма ачык экенин белгиледи.

Өз билдирүүсүндө Reuters агенттиги Кытайдын China Daily мамлекеттик гезитинин жазгандарына таянган. Басылма «Трамп Кытай менен экономикалык алакаларда адилеттүүлүктү издеп жатканын айтып, бирок АКШнын экономикалык артыкчылыктарын пайдалануу менен мындан пайда гана көрүүгө аракет кылып келгенин» жазды. Кытайдын Global Times деген дагы бир мамлекеттик гезити сүйлөшүүлөр АКШнын бир тараптуу кызыкчылыктарына иштебеши керектигин жазды.

АКШ президенти Кошмо Штаттар менен Кытайдын ортосундагы азыркы соода мамилелер Вашингтон үчүн адилетсиз жана пайдасыз экенин буга чейин бир канча жолу билдирген.

Пекин менен пикир келишпестиктер чечилбей турган чакта америкалык президент Евробиримдикте, Канадада жана Мексикада өндүрүлгөн болот менен алюминийге жаңы бажы тарифтерин киргизген. АКШнын өнөктөштөрү эсептелген бул өлкөлөр жооп катары америкалык товарларга дагы кошумча тарифтерди киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.