Кытай: Циркте арстан менен жолборс көрүүчүлөрдүн көзүнчө атка кол салды

907

Кытайда цирк оюндары көрсөтүлүп жатканда арстан менен жолборс көрүүчүлөрдүн көзүнчө атка кол салды. Өткөн дем алыш күнү болгон бул окуянын видеосу интернетке жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, элге шоу тартууланып жаткан учурда жырткычтар көзөмөлдөн чыгып атты басып жыгылышкан. Тулпар арстан менен жолборстон качып манежди айлана чуркаганын көрүүгө болот.

Жырткычтар циркачтарга көпкө чейин баш берген эмес. Акыры аларды таяк, камчы менен сабап жатып атты аман алып калышкан.