Кытай ишкерлерин контейнерге камап салгандар боюнча иликтөө башталды

708

Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай кенин иштеткен кытайлык ишкерлерди коркутуп, контейнерге камап салгандар боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Анын айтымында, ишти Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү жергиликтүү бийлик менен чогуу иликтеп жатат. Бердикулова милицияга таянып билдиргендей, иш “өзүм билемдик” катары катталган.

Чолпон Бердикулова кошумчалагандай окуя 25-сентябрда болгон.

Буга чейин интернетте Майдан айылында ызы-чуунун видеосу тараган. Анда бир нече кытай жаранын жергиликтүүлөр тегеректеп, урушуп, коркутуп жатканы тартылган. Андан кийин чогулгандар ишкерлерди ошо жердеги темир контейнерге алып кирип, эшигин бекитип салышканы көрүнүп турат.

Шамбесай кенинде болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүүгө кытайлык “Тианди” компаниясы уруксат алган. Ага карабай тургундар байма-бай нааразылык акцияларын уюштуруп келет.