Кытай компаниясы менен депутаттын кандай байланышы болгон? (видео)

751

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялаган Кытайлык компания ТЭЦке 5,5 миллион долларга суу даярдап берүүчү жаңы цех салмай болду. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингтин башчысы Айбек Калиев билдирди. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, цех куруу алгачкы долбоорго киргизилип, бирок кийин алынып салынган. Эми кытайлык компания цех салууну кайра колго алганы таң калычтуу дешет. Жылуулук борборундагы абалды иликтеген парламенттик комиссиянын бул жолку отурумуна мурдагы министрлер чакырылды. Жыйында 386 миллион доллар кредит менен 20 миллион гранттык акчанын чыгымдалышы каралып, бирок эл өкүлдөрү жарытаарлык жооп ала алышкан жок. Ал эми мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев келишим түзүлгөнгө чейин кытайлык компаниянын өкүлдөрүн тааныбаганын айтты.