Кытай: коронавирус жуктуруп алганын жашыргандар өлүм жазасына тартылат

1616

Кытайда жаңы типтеги вирусту жуктуруп алганын жашыргандарды, бейтаптын абалы тууралуу туура эмес маалымат тараткандарды өлүм жазасына тартуу чечими кабыл алынды. Мындай чечимди Кытайдын соту кабыл алган. Кытайда учак, поезд жана автобус менен жүрүүгө тыюу салынды. Эпидемия пайда болгон аймактан келгендер эки жума карантинде болушу шарт. Андан баш тарткандар да жазаланат.

Ошондой эле саякаттап келгенин да ачыктабай койгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Ооруп, аны башкаларга жуктуруп жайылткан бейтап эми коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан адам катары таанылып, кеминде 10 жылга кесилгенден тарта өмүр бою эркинен ажыратылат. Андан сырткары, өлүм жазасы да каралган.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту жуктургандардын саны 70 миңден ашып, 2 миңге чукул киши көз жумду. Ошол эле убакта 11 миңдей киши бул илдеттен сакайып кетти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.