Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунун мөөнөттөрү аныкталды

1110

Ташкентте өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн соңунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунун мөөнөттөрү аныкталды.

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун маршруту 2018-жылдын апрелинде аныкталат. Үч өлкөнүн делегациялары Ташкентте өткөн жолугушууда келаткан жылдын августунда темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдаларын, жыл соңунда каржы маселеси чечилерин макулдашкан.

Темир жол куруу демилгеси он жылдан ашуун убакыттан бери көтөрүлүп келет. Аны ишке ашырыш үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектеле тургандыгы маалымдалган. Бул темир жол долбоору Кытай товарларын Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Чыгыш Европага жана Жакынкы Чыгышка жеткирген эң кыска жол болот деп айтылып келет.