Кытай лидери Си Цзинпиндин китеби кыргыз тилинде (видео)

661

«Мамлекеттик башкаруу жөнүндө». Кытай лидери Си Цзинпиндин дал ушундай аталыштагы китеби Кыргызстанда мамлекеттик тилде жарык көрдү. Анын бет ачар аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Эмгек буга чейин Кыргызстандык окурмандарга орус тилинде тааныштырылган болсо, эми кыргыз тилинде сунушталды. Китептин Кыргызстан үчүн мааниси чоң, дешет иш-чарага катышкандар. Анткени эмгек коңшулар менен жакындан гана тааныштырбастан, эки өлкө ортосундагы мамилени да чындайт.