Кытай жарандарына кыргыз паспортторун ким берген? (видео)

821

Кыргызстандын жасалма паспортторун алып жүргөн Кытай жарандары кармалды. Ош областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарында текшерүү жүргүзүп, анда кыргыз паспортторун алып жүргөн Кытай эл республикасынын уйгур улутундагы жарандарын аныкташкан. Ал документтер боюнча кытайлыктар Өзгөн жана Ноокат районунун жергиликтүү тургундары деп көрсөтүлгөн. Тартип сакчыларынын айтымында, жалпысынан 4 чет өлкөлүк жана бир кыргызстандык жаранга паспорттор мыйзамсыз жол менен жасалганы тууралуу фактылар белгилүү болду. Учурда бул боюнча тиешелүү мекемелерде иштеген 2 адам кармалган.