Кытайда коронавирус илдетин 4,5 миңден ашуун адам жугузуп алды

2080

Акыркы маалыматтар боюнча, кошуна өлкөдө коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны 106 жетти. Көз жумган 106 кишинин 100 оорунун очогу болгон Хубэй провинциясынын тургундары экени кабарланды.

4,5 миңден ашуун адам коркунучтуу вирусту жугузуп алганы белгилүү болду. Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, 976 адамдын абалы оор, ал эми 60 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Буга чейин, 3 миңге жакын адам коронавирус илдетине чалдыкканы жана 80дей киши каза болгону айтылган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.