Кытайда куугунтукка кабылган боордоштор (видео)

646

Кытайдан келген кыргызстандын жарандары акыйкатчыга жардам сурап кайрылышты. Алар ал жактагы туугандарын «саясий тарбия берүүчү» лагерлерге алып кетип, ошол бойдон камап, кыйнап жатканы тууралуу айтышууда. Шинжан-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Расмий Бээжин саясий тарбиялоочу борбор деп аталган лагерлерде учурда 50 миңдей этникалык кыргыздарды кармап турганы айтылууда.

Кайрылмандар буга чейин президентке жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Бирок Кытайда камакка алынган этникалык кыргыздардын дээрлик 90%ы Кытай жарандары болгондуктан, алар боюнча иш алып баруу оңой эмес деп жатышат.