Кытайда кыргыз уздарынын эмгектери суроо талапка ээ (видео)

1179

Кытайда этникалык кыргыз уз-чеберлер жасаган буюмдар суроо талапка ээ. Бул жакта кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Уз чеберчилик кыз-келиндердин айрымдарына апасынан, чоң энелеринен калса, кээ бири дасыккан өнөр ээлерине барып үйрөнүшөт. Этникалык кыргыздардын көпчүлүгү менчик ишканаларда эмгектенип, киреше табышат.

Жеке компанияларда улуттук кийим-кечектер, сайма, курак, шырдак, кийиздин түрлөрү, боз үй жабдыктары жасалат. Алар Кытайдын ири базарларында сатылып, кыргыздын буюм-тайымдарын даңазалап келет.