Кытайдагы абакта отурган эки кыргыз жараны Бишкекке алынып келинди

928

Кытайда көптөн бери абакта отурган эки кыргызстандык Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, аларды Кытайдын жаза аткаруу кызматы Урумчу шаарында Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматкерлеринин колуна өткөрүп берген.

Кыргызстандык жарандарды которуу келишими Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жана Пекиндеги элчиликтин Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашырылган. Тиешелүү маалыматта алардын Кытайда абакка кандай жол менен түшүп калганы тууралуу айтылган эмес.

Ошондой эле, жакынкы күндөрү дагы бир кыргызстандык жаранды которуу пландалып жатыптыр. Жалпысынан Кытайдын абактарында 17 кыргызстандык жаран бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.