Кытайдагы эл аралык базар (видео)

1429

Кытайдагы этникалык кыргыздардын жашоосу тууралуу сюжеттердин түрмөгүн улантабыз. Бул сапар күнүнө 200 миңге жакын турист келип-кеткен, Үрүмчү шаарындагы эл аралык базар жөнүндө айтып бермекчибиз. Бул ири соода-сатык жайында 10 миңден ашуун адам иштеп, соода кылгандардын арасында этникалык кыргыздар да кездешет.

Синьцзяндын эл аралык базарынын өзгөчөлүгү — анда ар улуттун музыкалык аспаптары, улуттук кийим-кечектердин түрү, асыл таштар, үй жасалгалары, кол өнөрчүлөрдүн жасаган сувенирлеринин сатылышы. Ошондой эле, дүйнөнүн эң чоң делген базарында аба ырайынын ысык-суугуна карабастан күн сайын концерттик программалар да уюштурулуп турат экен.