Кытайдагы кыргыз теле-радио (видео)

1198

Кытайдагы кыргыз радиосуна быйыл 38 жыл болду. Кыргыз тилиндеги уктуруулар алгач 30 мүнөттүк берүүлөр менен обого чыга баштаган. Бара-бара төрт саатка узартылып, учурда күнүмдүк эфири 19 сааттык программа менен толукталат. Ал эми кыргыз теле редакциясы 2012-жылдан тарта өзүнчө бөлүнүп чыккан.

Анда 38 кызматкер иш алып барат. Күнүнө 120 мүнөттүк берүүлөр даярдалат. Кыргыз радио жана телевидениесинде маалыматка бай, кызыктуу программалар көп. Ал аркылуу этникалык кыргыздар дүйнөдөгү жаңылык, өзгөрүүлөр туурасында маалымат алып турушат.