Кытайдагы кыргыздардын башын бириктирген этно шаарча (видео)

998

Кызыл-Суу Кыргыз Автоном областында ар ишемби сайын маданий иш-чаралар уюштурулуп турат. Анда кыргыздын кыз узатуу, үйлөнүү, сүннөткө отургузуу, тушоо кесүү сыяктуу каадалары көрсөтүлөт. Майрамга Кытайдын ар аймагында жашаган этникалык кыргыздар келип чогулушат.

Кыргыздын салттары көрсөтүлгөн этно шаарча 2018-жылы курулган. Анда жергиликтүү тургундардан тышкары, туристтер үчүн да программалар уюштурулуп, көчмөн элинин маданияты менен тааныша алышат. Кытайда жашаган боордоштор ырдап, бийлөө өнөрүн мыкты өздөштүрүшкөн.