Кытайдагы Манас жана анын 40 чоросунун айкели (видео)

1683

Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык областынын Улуу-Чат районундагы Манас жана анын 40 чоросунун эстелигин көрүүгө келген туристтердин саны көбөйүп жатат. Бул туурасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтышууда. Байыркы кыргыз баатырларынын элесин чагылдырган айкелдерди тургузууга 5 миллион юань сарпталып, ал толугу менен Кытай өкмөтү тарабынан каржыланган.

Улуу эпостогу баатырлардын элесин чагылдырган эмгек Кыргыз жана Кытай өнөрпоздоруна таандык. Коңшу өлкөдө тургузулган, кыргыздын тарыхын даңазалган айкелдер Кыргызстандан чакырылган делегацияга көрсөтүлдү.