Кытайдагы уйгурлардын айылына саякат (видео)

1931

Кытайдагы Синцзянь-Уйгур автоном областында 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын 45 % уйгурлар түзөт. Алардын саны 8 миллиондон ашат. Кытайда жашаган уйгурлар мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, айрымдары соода-сатык менен алектенишет. Ал эми көпчүлүгү жер айдап, мөмө-жемиш өстүрүп, багбанчылык кылат.

Кытайда дыйкан-фермерлерге бир топ жеңилдиктер каралган. Алар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөр бекер. Балдардын да мектепке чейинки жана андан кийинки билим берүүсү акысыз. Ошондой эле, мамлекет карапайым элге үй салууга көмөктөшүп турат.