Кытайдан эт азыктарын алып келүүгө чектөө киргизилди (видео)

3348

Дүйнөнү сестенткен коронавируска байланыштуу Кытайдан Кыргызстанга эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Ошондой эле, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы социалдык тармактарда Кытайдан аткезчилик жол менен 140 тонна ооруган малдын эти кирди деп тарап жаткан маалыматты төгүнгө чыгарды.

Мындан тышкары, өлкөдө жаңы типтеги вирустун алдын алуу боюнча атайын оперативдик штаб түзүлдү. Ал Кытайдагы абал жөнгө салынмайынча иштейт экен.