Кытайдан келген калпактарга тыюу салынабы? (видео)

1120

Кытайдан сапатсыз ак калпактарды алып келүүгө тыюу салуу демилгесине кыргызстандыктар кандай көз карашта? Тийиштүү токтом долбоору жакында эле Маданият министрлиги тарабынан сунушталып, коомдук талкууга чыгарылды. Көпчүлүк бул идеяны колдоп жатат. Ошол эле убакта калпак чыгарган жеке ишканалар коңшу өлкөлөр менен атаандашуусу үчүн шарт түзүп берүү керек дегендер да жок эмес. Улуттук баш кийим болгон ак калпакка маданий макам беруу идеясы Жогорку Кеңештин депутаттарына таандык. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон кыргыз делегациясы чет өлкөгө барган иш сапарында калпак кийүүгө милдеттендирилет. Бул демилге улуттук каада-салттарды колдоо, маданиятты көтөрүү жана баалуулуктарды кеңири жайылтууга багытталган.