Кытайдан келген кош бойлуу келин карантинде (видео)

597

Кытайдан учуп келген кош бойлуу келинден коронавирустун белгилери табылган жок. Бул тууралуу Бишкектеги перинаталдык борбордун жетекчиси билдирди. Учурда 24 жаштагы студент төрөтканадагы изолятордо жатат. Бирок Кыргызстанга учуп келген жаран эки апталык карантинден өткөрүлбөй туруп, төрөтканага жаткырылышы көпчүлүктү тынчсыздандырган.

Буга саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өзү уруксат бергени да айтылган. Анан да кош бойлуунун жаңы типтеги вирустун очогу болгон Ухань шаарында жашаганы тууралуу да такталбаган маалыматтар тарап кеткен болчу.