Кытайдан Кыргызстанга 42 адам келип, анын тогузу ооруканага жаткырылды

1996

2 күндө Кытайдан Кыргызстанга 42 адам келип, анын тогузу ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, улан-кыздардын алтоосу Москва райондук ооруканасында жатат. Калган үчөө Сокулук районунун аймактык ооруканасында. Аларда коронавирус илдетинин белгилери байкалган жок, бирок өздөрү дарыгердин көзөмөлүндө болууну туура көрүшкөн экен.

Азыркы тапта, студенттердин абалдары канааттандырарлык. Алар вирус жапырт чыккан Хубэйден эмес башка провинциялардан келишкен. 28-29-январда кошуна өлкөдөн жалпысынан 42 киши келген. Анын 24 кыргызстандык болсо, 18 Кытайдын жарандары.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.