Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу токтотулду (видео)

895

Кыргызстан Кытайдан товар ташып келүүгө толугу менен тыюу салды. Мындай кадам коронавирус илдетинен коргонуунун дагы бир чарасы. Учурда Айыл чарба министрлиги азык-түлүктөрдү ташып келүүнүн башка альтернативдүү жолдорун караштырып жатыптыр.

Ал ортодо Бишкектеги Дордой, Мадина сыяктуу ири базарларга да кошуна өлкөдөн товар келбей калды. Ишкерлердин айтымында, азырынча кооптонууга негиз жок. Кампаларда сакталган жүк бери дегенде 2-3 айга жетет. Кытайда тараган коронавирус илдети Кыргызстандын экономикасына кандай таасир берип жатат?