Кытайдан учуп келген кош бойлуу келин өзүнчө палатага жайгаштырылды

1449

Кытайдан Кыргызстанга учуп келген кош бойлуу келин Бишкектеги перинаталдык борбордун өзүнчө палатасына жаткырылганы белгилүү болду. Маалыматка караганда, 24 жаштагы келиндин курсагындагы түйүлдүккө 32 жума болгон жана ал Кытайдагы университеттердин биринде окуп жаткан. Ал Бишкекке келгенден кийин толук изилдөөдөн өтүү үчүн жугуштуу оорулар клиникасына жиберилген.

Ошондой эле, кош бойлуу келин Ухань шаарында эмес, Шеньянь калаасында жашаганы белгиленди. Аны коронавирус жана грипп инфекцияларына текшерүүдө, илдеттин белгилери аныкталган эмес. Бирок учуп келгенден кийин анын ичи ооругандыктан дарыгерлер аны Бишкектеги перинаталдык борборго жеткиришкен.

Ак халатчандардын айтымында, буга айы-күнү жетип калган келиндин Бишкекке чейин 3 күн бою улам учак которуп, жолдо жүргөнү себеп болушу мүмкүн. Кош бойлуу айым Шеньянь – Үрүмчү – Пекин — Москва – Бишкек каттамында жүргөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.