Кытайдын “Синафарм” вакцинасы менен эмдөө качан башталат? (видео)

4397

Ушул аптанын аягынан тарта Кытайдын “Синафарм” препараты менен эмдөө жүргүзүлө баштайт. Тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, учурда алгачкы эмдөө ала тургандардын тизмеси да даяр. Биринчилерден болуп медицина кызматкерлери өткөрүлөт деп күтүлүп жатыптыр.

Кошуна өлкөдөн келген препарат 75 миң адамга 2 жолудан сайылат. Тактап айтканда, вакцина алган адамга 21 күндөн кийин бул препарат кайрадан колдонулат. Ал үчүн убактылуу эмдөөчү жайлар 9 жерге ачылган.