Кытайдын Ухань шаарында убактылуу иштеп жаткан 16 оорукана жабылды

1530

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жугузгандар азайып, эпидемия басаңдаганына байланыштуу убактылуу иштеп жаткан 16 оорукана жабылды. Бейтаптар айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары бийлик өкүлдөрү берген маалыматка таянып жазып чыгышты.

Далил катары видеолорду да таратышууда. Анда дарыгерлер акыркы борбор жабылары менен биринин артынан бири беткаптарын чечип жатышканын көрүүгө болот. Февралдын башынан бери убактылуу иштеп жаткан ооруканалар 12 миңден ашуун бейтапты кабыл алган. Азыр Ухань шаарында бир күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 17 түзүүдө. Бир ай мурда бул көрсөткүч дээрлик 2 миңге жеткен болчу.

Эске салсак, коронавирус өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын дал ушул Ухань шаарында тараган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.