Кытайга каттаган айдоочулар өкмөткө кайрылуу жасашты (видео)

1328

Ошто оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары маалымат жыйын куруп, өкмөткө кайрылуу жасашты. Анда айдоочулар Кытайга каттоо үчүн виза ала албай жатышканын жана бул кырдаалдан пайдаланган ортомчулар пайда болуп, алар 160 долларлык документти миң долларга жасап жатышканын айтып чыгышты. Барынан кызыгы, бул иштер тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги кабардар. Бул маселе жакын арада чечилбесе, министр Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылабыз, дешет айдоочулар. Ал арада Тышкы иштер министрлигинин Ош аймагы боюнча өкүлчүлүгү айдоочулардын бул айткандарын негизсиз деп билдирди. Айтымдарында учурда виза берүү маселеси Кытай тарапка гана көз каранды. Ал эми ортодо кызыл кулактык кылып жаткандар боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу керек, дешет алар.