Кытайга каттаган кыргызстандык жүк ташуучулардын маселеси талкууланды

733

Кыргызстандык жүк ташуучулардын нааразычылыгы боюнча тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын элчиси Сяо Цинхуа менен сүйлөштү. Жолугушууда тараптар жакынкы күндөрү бул маселени чогуу отуруп чечүүнү макулдашкан. Кытайдан жүк ташыган 3 миңдей айдоочу виза алуу татаалдашканына нааразылыгын билдирип келишет.

Быйыл 1-январдан тарта Пекин виза берүү тартибин катаалдаткан. Ага чейин Кыргызстандын жарандары жеңилдетилген түрдө алып келишкен. Айдоочулардын айтымында, 160 доллар турган виза учурда 1000 долларга чыккан. Анткени ортодо акча таап иштеген фирмалар бааны көтөрүп жатат дешет.

Мындан тышкары, Кытайга өтчү Эркечтам менен Торугарт бекеттеринде машиналарды текшерүү узакка созулуп, кезек күткөндөрдүн узундугу 10 чакырымга чейин жеткени кабарланууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Казакстан Кыргызстандын бажы тармагында контрабандага жол берилүүдө деген айыптоосунан улам, Кытай текшерүүнү күчөткөн.