Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду

711

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, аталган кызматтын Ош облусундагы Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү фирма Кытайда жайгашкан ишканага 2017-жылдан быйыл июль айына чейин курамында сурма бар 1764 тонна тоо-тек жана кошулманы мыйзамсыз сатканын аныктаган.

Мындан 6 миллион сомдон ашык пайда көргөн, бирок салык документтеринде өтө аз суммадагы акча жазылган. Ошондой эле «тергеп-иликтөөдө бул фирма Алай районунда гана кен казууга уруксат алганы, түстүү металлды үчүнчү өлкөгө сатууга лицензиясы жок болгону ачыкка чыкты» деп айтылат маалыматта.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.