Кытайга тоо балы, ун жана сүт азыктары экспорттолот (видео)

728

Кытай Кыргызстандын балына кызыгууда. Бирок жергиликтүү ишкерлер бул азыкты кошуна өлкөгө экспорттоого даяр эмес экени айтылууда. Бул тууралуу бал өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы билдирди. Учурда бал челектер союз маалынан бери калып, эл аралык стандарттарга жооп бербейт экен.

Ал эми Кытай тарап Кыргызстандан асель сатып алуу үчүн бир нече талаптарды койгон. Ага ылайык өлкө аймагынан чыгарылып жаткан азыктын курамы 16 лабораториядан текшерилиши керек. Учурда алардын ичинен 2 гана лаборатория бар.