Кытайлык балбан кыздар 4 алтынды илип кетти (видео)

1257

Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты уланууда. Эки күндөн бери кыз-келиндер күч сынашып жатышат. Кечээ күнү кыргызстандык төрт балбан мелдешке чыгып, алардын ичинен жалгыз Мээрим Жуманазарова коло байге тагынды. Кытайдан келген балбан кыздар 4 алтын медаль алып кетишти. Ошондой эле, Япониянын бир спортчусу да биринчи орунга татыды.